• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Республикалык штаб Нарында аныкталган 15 учур тууралуу маалымат берди

COVID - 19 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Республикалык штаб бүгүн, 14-майда Нарын шаарында COVID-19 илдети аныкталган 15 учур тууралуу маалымат берди.

Штабдан билдиришкендей, бардык бейтаптар Нарын облустук бириккен ооруканасына жаткырылган.

"Алардын ичинен бирөө медицина кызматкери, жаңы төрөгөн аялдар – 8, туугандары менен байланышта болгондор – 6. Бардыгынын абалы канааттандыраарлык", - деп айтылат маалыматта.

Штабдан белгилешкендей, Нарын облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жаңы төрөгөн 8 аял ымыркайлары менен жана 7 кош бойлуу аял көзөмөлдө болууда. Оорукана толук дезинфекцияланып, ал жерде иштеген кызматкерлер алмаштырылган жана Бишкектен 2 акушер-гинеколог жардамга жөнөтүлгөн.

"Нарын облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө бардыгы болуп 11 медицина кызматкер (акушерлер, медайымдар, санитардык кызматкерлер) коронавирус илдети менен ооруган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий