• 84.68
  • 103.38
  • 1.15

COVID-19. Сутка ичинде өлкө боюнча 5 медкызматкер ооруга чалдыккан

COVID - 19 0

Бишкек, 30.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 5 медкызматкер коронавируска чалдыккан. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда 2, Ош облусунда 1 жана Жалал-Абад облусунда 2 медик ооруп калган.

“Бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининен 7 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3131 учур катталды, алардын ичинен 2453 медкызматкер айыгып чыккан”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 43 миң 820ны түзөт. Алардын ичинен 38 миң 198 киши айыгып чыкты, 1 миң 59 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий