• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19 жуктурган 140 медкызматкердин ичинен ондон ашыгы айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. COVID-19 жуктурган 140 медкызматкердин ичинен ондон ашыгы айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө илдеттен жалпы 201 жаран айыкты.

"140 медициналык кызматкердин ичинен 39 дарыгер, 58 орто медкызматкер, 23 кичүү медкызматкер жана 20сы башка кызматтагылар. Алардын ичинен 10дон ашыгы айыгып, кайра жумушуна кайтты", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 20-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 568гө жетти. Алардын ичинен 140ы медицина кызматкери. Коронавирустан 201 жаран айыкса, каза болгондордун саны 7 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий