• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19дан бир кыргызстандык каза болуп, 29 киши айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 19.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 19-мартка карата коронавирус 15 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 9, Чүй облусунда – 4, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 29 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 99 бейтап, амбулатордук түрдө 95 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 802 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 45 киши айыгып чыкса, 2 миң 978 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий