• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Жаңы Зеландиянын РФдагы элчилери кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 19.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 18-мартында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде КР менен Жаңы Зеландиянын РФдагы элчилери Гүлнара-Клара Самат менен Сара Мэри Уолштун жолугушуусу болду. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Жаңы Зеландиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Тараптар Кыргызстан менен Жаңы Зеландиянын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий