• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эрлан Абдылдаев Тажикстандын президентине ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Душанбе шаарында Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго ишеним грамоталарын тапшырды.

КР ТИМден билдиришкендей, салтанат Душанбе шаарындагы Улуттар Сарайында 10 чет мамлекеттин элчилеринин катышуусунда өттү.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жаңы дайындалган элчилерди дипломатиялык ишмердүүлүктүн башталышы менен куттуктап, алардын үзүрлүү аракеттери өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүккө жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.

Рахмон Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелерине өзүнчө токтолду. Тажикстандын башчысы өзүнүн жооптуу миссиясын аткарууда Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Э.Абдылдаев Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ырааттуу күч-аракетин жумшарына үмүт артты.

Пикир

Оставить комментарий