• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19га каршы вакцинанын үчүнчү дозасын алуу керекпи? Жооп

COVID - 19 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкова брифинг учурунда COVID-19га каршы бустердик дозаны (вакцинанын 3-дозасы) алуу керекпи деген суроого жооп берди.

Анын айтымында, учурда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) бустердик дозаны боюнча далилдерди изилдеп жатат.

“Күн сайын ар кандай вакциналар тууралуу жаңы маалыматтар жарыяланууда. Бирок эксперттердин арасында 3-дозаны алуу керектиги боюнча бирдиктүү ой-пикир жок. Азыркы күндө ДССУ COVID-19га каршы вакциналардын бустердик дозасын алууга убактылуу мораторий (чектөө) киргизүүгө чакырды. Бул ар бир өлкөнүн 10%га жакын калкын эмдөөгө мүмкүнчүлүк берет, анын ичине тобокел тобундагы адамдар жана медициналык кызматкерлер кирет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жаңы маалыматтарды кылдаттык менен изилдеп, келечекте бустердик дозаны белгилүү бир топ үчүн колдонуу мүмкүнчүлүк бар деп божомолдоодо. Бирок бул суроо азыркы тапта ачык бойдон калууда”, - деп айтат ал.

Пикир

Оставить комментарий