• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнө чемпионатына өтпөй калды. “Ак шумкарлар” Япония курамасынан утулду

Спорт 0

Бишкек, 15.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн тандап алуу турунун алкагында Япониянын командасы менен оюн өткөрдү.

Беттеш Япониянын Суйта шаарындагы Panasonic стадионунда болуп, 5:1 эсебинде Япониянын курамасы жеңип алды.

Оюндун 27-мүнөтүндө 11 мерлик айып соккусу белгиленип, Япониянын командасынын чабуулчусу Адо Онаиу айып соккуну голго айлантты. Ошондой эле 31 жана 33-мүнөттө кайрадан Адо Онаиу гол киргизип, эсепти 3:0гө айлантты.

Биринчи таймдын акыркы мүнөттөрүндө кыргызстандык футболчуга орой оюн көрсөткөндүгү үчүн 11 метрлик айып соккусу белгиленди. Топту Мирлан Мурзаев тээп, гол жаратты.

Экинчи таймдын 73-мүнөтүндө бурчтан көтөрүү орун алып, япониялык Сё Сасакинин башы менен сүзгөн тобу дарбазадан орун алды. 5 мүнөттөн кийин самурайлар дагы бир гол киргизгенге үлгүрдү.

Дарбазачылар Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба, футболчу Бекжан Сагынбаев, Валерий Кичин беттешке катышкан жок. Алар коронавируска шектелип, “сары тизмеге” кирген.

Эскерте кетсек, “Ак шумкарлар” буга чейин Мьянманын командасын 8:1 эсебинде утуп, Монголиянын курамасына 0:1 эсебинде утулуп калган.

“Ак шумкарлар” F тайпасында Япония, Мьянма, Монголия жана Тажикстандын курама командалары менен жайгашкан. Кыргызстандын курамасы тайпада 10 упайы менен үчүнчү орунга илинип, Дүйнө чемпионатынын кийинки тандоо туруна өтпөй калды.

Пикир

Оставить комментарий