• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 5 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 5 млн 1 миң 494 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде айтылат.

Ага ылайык, дүйнөдө илдеттен 1 млн 901 миң 79 жаран айыкса, каза болгондордун саны 328 миң 227 адамды түзөт.

Ал эми коронавирусту эң көп АКШда 1 млн 551 миң 853, Россияда 308 миң 705, Бразилияда 291 миң 579, Улуу Британияда 249 миң 619, Испанияда 232 миң 555, Италияда 227 миң 364, Францияда 181 миң 700, Германияда 178 миң 545, Түркияда 152 миң 587, Иранда 126 миң 949 жаран жуктурган.

АКШда коронавирустун кесепетинен каза болгондордун саны 93 миң 439 кишиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий