• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Япониянын мурдагы премьер-министри кол салуудан улам көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ белгисиз адамдын кол салуусунан улам ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Россиянын ТАСС маалымат агенттиги жазды.

Буга чейин маалым болгондой, бүгүн, 8-июлда түшкө маал Синдзо Абэ Нара шаарында сөз сүйлөп жаткан учурда белгисиз куралчан адам анын далысына эки ирет ок аткан. Ал ооруканага жеткирилген, кийин дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп жатканы кабарланган.

Кол салууга шектүү 41 жаштагы япониялык Тэцуя Ямагами дароо кармалган, ал кол салуунун мотивин саясатчынын жакпай турганы менен түшүндүргөн.

Пикир

Оставить комментарий