• 88.68
  • 95
  • 0.95

Елизавета IIнин күйөөсү принц Филипп каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Улуу Британиянын Королевасы Елизавета IIнин күйөөсү Эдинбургск Филипп 100 жашында каза болду. Бул тууралуу Букингемск сарайы билдирди.

“Улуу ханыша өкүнүч менен сүйүктүү жолдошу Улуу урматтуу Эдинбург герцогу, ханзаада Филипп каза болгонун жарыялады”, - деп айтылат маалыматта.

Ханзаада бүгүн эртең менен Беркшир графтыгындагы британ монархтарынын резиденциясы - Виндзорск сарайында көз жумган.

2017-жылдан баштап ханышанын жолдошу коомдук иш-чараларга катышуудан баш тарткан. Февралдын ортосунда аны ооруканага жаткырышкан, буга чейин бир нече күн мурда ал жана ханыша COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшкөн. Ханзаада ооруканада бир айга жакын жаткан. Кийин ЖМКларда Филипптин жүрөгүнө операция жасалып, ал ийгиликтүү болгондугу тууралуу маалымат тараган.

Ханзаада Филипп – грек жана дат ханы Филипптин уулу. Ал 1921-жылы 10-июнда төрөлгөн. 1922-жылы атасынын улуу агасы тактан кеткенден кийин, ханзаада Филипптин үй-бүлөсү Грециядан чыгарылган.

Ал Улуу Британиянын ханышасы менен колледжде окуп жүргөндө таанышкан. 1947-жылы алар үйлөнүп, Филипп британдык фамилиясын алган. Үйлөнүү тойдон кийин ал Эдинбург герцогу деп жарыяланган.

Алардын 4 баласы бар: Чарльз, Уэльск ханзаада, Анна ханыша, Эндрю ханзаада, Йоркс герцогу жана Эдвард ханзаада, Уэссекск графы.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий