• 88.68
  • 95
  • 0.95

Киевде дарыяга боюн таштаган түркмөнстандык кыздын сөөгү изделүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 22.02.18 /Кабар/. Киевде куткаруучулар 30-январда жоголгон түркмөнстандык студент Мукаддас Насыралиеванын сөөгүн издеп жатышат. Болжолдуу версия боюнча, ал университеттеги көйгөйлөрүнөн улам Днепр суусуна секирип кеткен. Бул иш боюнча Киев прокуратурасы тарабынан адамды өз жанын кыюуга чейин жеткирүү беренеси менен кылмыш иши козголду.

Кыздын өлүмүнө ал билим алган медициналык окуу жайдын жетекчилиги шектелүүдө. Бул окуяга байланыштуу апта башында чет элдик студенттер менен иштөө боюнча декандын орун басары жумуштан алынган.

Киев шаардык прокуратурасы Мукаддас Насыралиева 30-январда университеттен чыккандан кийин көпүрөдөн секирип кеткенин ырастады. Бул учур көзөмөл камерага тартылып калган.

Пикир

Оставить комментарий