• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Паралимпиадачы Жыргалбек Оросбаев Дүйнө кубогунда “күмүш” утту

Спорт 0

Бишкек, 22.02.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Паралимпиадачы Жыргалбек Оросбаев пауэрлифтинг боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасындагы Дүйнө кубогунда күмүш медаль утту.

Дүйнө кубогу 17-февралда Дубай шаарында (БАЭ) башталган, бүгүн, 22-февралда аяктайт.

Оросбаев медаль үчүн 107 кг салмактык категориядагы спортчулардын арасында беттешке чыккан. Спортчу биринчи жана экинчи аракетинде 200 кг штанганы көтөрө албай калган, бирок чечүүчү бөлүктө ал салмакты көтөрүп экинчи орунга ээ болгон.

Кыргызстандын атынан мелдешке беш спортчу барган: Эсен Калиев, Сагынбек Махаматкул уулу, Жыргалбек Оросбаев, Максат Аргымбаев, Адилет Камчыбеков машыктыруучу Аднан Жабраиловдун жетекчилиги алдында.

Пикир

Оставить комментарий