• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

23-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 22.02.18. /Кабар/. Эртең, 23-февралда Кыргызстандын аймагында кар жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 6...11;

Талас облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 6...11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7;

Нарын облусунда түнкүсүн -14...-19, күндүз -2...-7;

​Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүcүн 0…-2°, күндүзү 8…10°.

Пикир

Оставить комментарий