• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин ТЭНин бүтүрүү үчүн 5 млн доллар бөлөт

Экономика 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Бишкекте Дүйнөлүк банк тарабынан "Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорун курууга техникалык жардам көрсөтүү" долбоору боюнча каржылоо келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, келишимге финансы министри Алмаз Бакетаев жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хассан Накви кол койду.

Келишим боюнча Дүйнөлүк банк тарабынан аталган долбоорду каржылоого жалпы суммасы 5 млн АКШ доллар түзгөн каражат бөлүнөт.

Долбоор Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоо жана толуктап иштеп чыгуу аркылуу долбоорду ишке ашырууну колдоого багытталат.

Ошондой эле жолугушууда энергетика тармагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана жаңы потенциалдуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдар талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий