• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнө жүзү боюнча коронавирусту 75 миң 204 адам жуктурду — Чолпонбаев

Ден соолук 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Дүйнө жүзү боюнча коронавирусту 75 миң 204 адам жуктурду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирусту Кытайда 74 миң 280 адам жуктуруп алган.

"Дүйнөнүн 24 өлкөсүндө аталган илдетти жуктурган 924 учур катталды. Ооругандардын көбү Кытайдын Ухань шаарында болгон. Ал оорунун белгилери адаттагы суук тийүү жана сасык тумоого окшош: чарчоо, дем алуунун оорлошуп, дене табынын жогорулашы, жөтөлүү жана тамактын оорушу", - дейт министр.

Ал белгилегендей, коронавирустун 40 түрү белгилүү, анын 7 түрү гана адамга жугат.

Пикир

Оставить комментарий