• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дастан Догоев Таза коом маалыматтык күркөлөрүн сунуштады

Таза Коом 0

Бишкек, 10.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкекте Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев Таза Коом маалыматтык күрлөлөр долбоорун сунуштады.

Маалыматка ылайык, калк жыш жайгашкан жерлерде “Кыргызпочтасы” МИнын бөлүмдөрүнүн базасындагы “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштей турган күркөлөр ачылат.

Эми элдер Таза Коом маалыматтык күркөлөрүнөн керектүү маалыматтарды ала алышат.

Маалым болгондой, элдер алыскы айылдардан КТБна райондун борборуна же шаарга келүүгө мажбур болушат. Алар жол кире төлөп, убакыт кетиришет. Ошондуктан да өлкө аймактарында бардык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү мүмкүндүк бере бурган маалыматтык күркөлөр ачылууда.

Октябрь айынын аягына чейин почта бөлүмдөрүнүн базасында иштей турган 432 маалыматтык күркөнү ишке киргизүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий