• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исаков “Таза Коомду” европалык IT-компаниялардын өкүлдөрүнө тааныштырды

Таза Коом 0

БИШКЕК, 17.08.17. /Кабар/. Президенттин аппарат жетекчиси Сапар Исаков кечээ «EST Prototype Ltd» компаниясынын директору Эрик-Эрки Мюр жана «Gemalto» компаниясынын коммерциялык директору Иржи Седлачек менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Таза Коомдун” алкагында инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашканын президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Исаков Кыргызстанда учурда санариптик экономикага өтүү шарттарын түзүү иштери жүрүп жатканын белгиледи.

“Бул бизге мамлекеттик кызматтарды жакшыртууну шарттайт, коррупцияны кыскартат. Инновациялык чечимдер өлкөнүн жашоосунун бардык тармактарына киргизилиши керек”, - деди Исаков.

Анын айтымында, Кыргызстан батыш өлкөлөрүнөн заманбап IT-технологияларды, инвестицияларды жана алдыңкы бизнес-менеджмент тажрыйбасын тартууга кызыкдар.

Европалык IT-компаниялардын өкүлдөрү өз кезегинде республикада “Таза Коом” программасын ишке ашыруу иштерине колдоо көрсөтүүгө даярдык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий