• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Денис Петрашов «Маре Нострум» мелдешинин этаптарына катышат

Спорт 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. XXXII жайкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүү максатында сууда сүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов лицензиялык «Маре Нострум» эл аралык мелдешинин этаптарына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеш 29-30-май күндөрү Монте-Карлодо (Монако), 1-2 июнь күндөрү Каннетте (Франция) жана 5-6 июнь күндөрү Барселона шаарында (Испания) өтөт.

Спортчуну башкы машыктыруучусу Евгений Петрашов коштоп барат.

Белгилей кетсек, спортчу жана машыктыруучу 27-майдан 7-июнга чейин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий