• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Майлуу-Сууда жаандын кесепетинен турак үйлөрдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолду суу каптады

Аймак 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Майлуу-Сууда жаандын кесепетинен турак үйлөрдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолду суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-майында саат 15:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жааган жаандын кесепетинен Ленин көчөсүндө арыкка суу батпай ашып, 2 турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолду суу каптаган.

Жерине ӨКМден 4 кызматкер, 1 жүктөгүч, жашылдандыруу муниципалдык ишканасынан 5 кызматкер, 1 жүктөгүч тартылды.

26-май күнү жеринде тазалоо иш-чарлары жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу тазалоо иш-чаралары саат 20:30да убактылуу токтотулду.

Бүгүн, 27-май күнү иш-чаралар улантылат.

Пикир

Оставить комментарий