• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат: Чек арадагы айылдарды салыктардан бошотуп, пенсия, айлыктарды эки эсеге көбөйтүш керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 03.04.19 /Кабар/. Чек арага жакын жайгашкан айылдардын маселелери көп, бирок тез арада ыкчам чараларды көрүп, социалдык маселелерин чечишибиз керек. Бул тууралуу депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

"Өзгөчө чек ара статусу бар айылдардан бардык салыктарды бошотуп, андан сырткары ошол жерлерде жашаган адамдарга пенсия, айлык, башка социалдык төлөмдөрдү, жөлөк пулдарды эки эсеге көбөйтүшүбүз керек", - деди депутат.

"Өзүбүз жумуш ордун түзүп бере албасак, коопсуздук сактай албасак, жок дегенде ошол жердеги элдин социалдык маселелерин чечип беришибиз керек", - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле, эл өкүлү чек арага жакын жер тилкелерин, үйлөрдү коңшу мамлекеттин жарандары сатып алып жатканын айтып, элдин ошол аймактарда калашы үчүн тез арада социалдык маселелерин чечиш керектигин кошумчалады.

Белгилей, кетсек, Жогорку Кеӊеш жыйынында "Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2019-жылдын 13-мартында болуп өткөн инцидент боюнча өкмөттүн маалыматы жөнүндө" Жогорку Кеӊештин токтом долбоору жабык каралууда.

Пикир

Оставить комментарий