• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Кытайдын парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Кытайдын Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын тышкы иштер боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары Хао Пин менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууга Жогорку Кеңештин комитет мүчөлөрү Лейла Лурова, Арсланбек Малиев, Элдар Сулайманов, Жылдыз Таалайбек кызы, ошондой эле Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Улан Примов өз сөзүндө, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелер азыркы учурда болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлде экенин белгиледи. "Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда ынак коңшулук, достук жана өнөктөштүк, саясий өз ара ишеним тынымсыз бекемделүүдө, соода-экономикалык кызматташтык тынымсыз кеңейүүдө, "Бир алкак, бир жол" демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда", - деди ал.

Улан Примов парламенттер жана партиялар аралык кызматташтык жөнүндө айтып жатып, акыркы жылдардагы биргелешкен аракеттердин аркасында өзгөчө динамикага ээ болгон парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү маанилүү натыйжаларды белгиледи.

Андан ары комитеттин төрагасы соода-экономикалык кызматташтыкка токтолуп, жалпысынан эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн башкы катализатору болуп саналарын белгиледи. "Кытай көп жылдар бою Кыргызстан үчүн негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири болуп келген жана болуп кала берет. Кыргыз тарап товар жүгүртүүнүн өсүү динамикасын колдоо боюнча бардык чараларды жана аракеттерди көрүүгө даяр", - деди Улан Примов.

Ошондой эле ал, Кыргызстанда энергетика, айыл чарба, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, тоо-кен өнөр жайы, транспорт, логистика тармактарында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн кошумчалады.

Өз кезегинде, Хао Пин эки өлкө ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи. "Кытай менен Кыргызстан – жакшы кошуналар жана достор, ишенимдүү өнөктөштөр жана жакын боордоштор. Биздин алдыбызда жакшы коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык рухунда жалпы стратегиялык өнөктөштүктү түзүү милдети турат", - деп белгиледи Хао Пин.

Ал билдиргендей, делегациянын сапарынын максаты мамлекет башчыларынын ортосундагы мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу болуп саналат. Ал кыргыз-кытай мамилелери мындан ары да активдүү өнүгүп, кеңейе берерине ишенимин билдирди. Төраганын орун басары ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкка көңүл буруп, өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөдө жана Кытай менен Кыргызстандын практикалык кызматташуусуна көмөктөшүүдө мыйзам чыгаруу органдарынын ролун белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар маданий-гуманитардык тармактагы өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашты. "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан"темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар бул долбоор Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия регионунун экономикалык өнүгүүсүнө баа жеткис оң таасирин тийгизет деген ишенимин билдиришти.

Белгилей кетсек, күн мурун, 21-сентябрда Кытайдын Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын тышкы иштер боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары Хао Пин башында турган делегация расмий сапар менен Кыргызстанга келген.

Пикир

Оставить комментарий