• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас шаарында жол оңдоо иштеринин жүрүшү текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Талас шаарында жол оңдоо иштеринин жүрүшү текшерилди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Жаныбеков баштаган депутаттар тобу Талас шаарындагы асфальт басылып жаткан көчөлөрдү кыдырып, асфальт басуудагы жаралган маселелер менен таанышып, өз сунуштарын айтышты.

Алгач Оторбаев көчөсүнүн асфальт басууга чейинки жумуштарын жеринен көрүп, аталган көчөгө асфальт басуудан мурун жаңы асфальтты ар кандай эрозиядан коргоо максатында алгач бордюр орнотуу тууралуу сунуштар айтылды.

Ошондой эле аталган топ Өмүрбеков көчөсүндөгү (Үмөт Молдо көчөсүнөн Күрөңкеев көчөсүнө чейин) асфальттоо иштери менен таанышты.

Соңунда шаардык кеңештин депутаттары мекеме, ишкана жетекчилеринин бул жаатта жоопкерчиликтүү ишин баса белгилеп, жасалып жаткан иштердин сапатына жана мөөнөтүндө бүткөрүүгө өзгөчө көңүл буруу, ошондой эле жол курган ишканаларга айрым мүчүлүштүктөрдү эске алуу, жол кесилиштерин кенен асфальттоо боюнча тапшырмаларды беришти.

Пикир

Оставить комментарий