• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Добуш берүү тынч өтүп, эч кандай мыйзам бузуу катталган жок - эл аралык байкоочу

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-январда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүүдө. Кыргызстандын ар кайсы аймактарындагы шайлоо участкаларында байкоочулар иштөөдө.

Нарын облусундагы эл аралык байкоочу Павел Дьячковдун айтымында, Нарын облусунда добуш берүү тынч өтүп, мыйзам бузуулар катталган жок.

"Мен буга чейин Нарын облусундагы шайлоо участкаларын кыдырып чыктым. Эми Кочкор районунда байкоо жүргүзүүдөмүн. Адамдар көп, бирок жалпысынан абал тынч. Башкача айтканда, эч кандай мыйзам бузуу, ызы-чуу катталган жок. Мен комиссиялардын төрагалары, ар кайсы талапкерлердин байкоочулары менен сүйлөштүм. Бардыгы шайлоо тынч жүрүп жатканын айтышууда. Эч кандай мыйзам бузуу болгон жок. Эл чындыгында добуш берүүгө келүүдө", - деди Дьячков.

Пикир

Оставить комментарий