• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дубай жана Тажикстандан келгендерден коронавирус аныкталды — Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Дубай жана Тажикстандан келгендерден коронавирус аныкталды, - деп билдирди өкмөт үйүндө өткөн брифингдин жүрүшүндө саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Анын айтуусуна караганда, өлкөдө акыркы суткада катталган жаӊы учурлардын ичинен 5 учур сырттан келген.

"Бир бейтап Дубайдан учуп келген болсо, төртөө Тажикстандан келгендер. Алар – Душанбе жана Хужанд университеттеринин студенттери”, - деп билдирди ал.

Анын айтымында, алардын баары обсервацияда болуп, ооруну жуктуруп алганы тийиштүү текшерүүлөрдөн кийин аныкталган.

Белгилей кетсек, 6-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 28 жаңы учур катталып, жалпы 871 учурга жетти. Анын ичинен 221и медицина кызматкерлери. Стационарда 245 адам жатат, алардын ичинен төртөө реанимацияда. Ооруканадан 614 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ал эми коронавирус жуккан 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий