• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Душанбеде Кыргызстан менен Тажикстандын ТИМ башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Саясат 0

Бишкек, 04.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 4-февралда тажик тараптын чакыруусу боюнча расмий сапар менен Тажикстанга барды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Расмий визиттин алкагында Душанбе шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Сироджиддин Мухриддиндин тар жана кеңейтилген форматта жолугушуулары өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын тышкы иштер министри Кыргыз Республикасы Тажикстан Республикасы менен ынак коңшулук мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө умтуларын белгиледи.

Министр Кулубаев белгилегендей, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин толук бүтүрүү тараптарга өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө мүмкүндүк берет. Кыргыз тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин ар бир тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен тез арада жана өз ара пайдалуу чечүүгө умтулат.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-тажик мамилелеринин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарындагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Дүйнөдөгү жана региондогу абал боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар ошондой эле БУУ, ЕККУ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардагы кызматташуунун алкагындагы өз ара кызматташууну талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2024-2026-жылдарга Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кызматташуу программасына кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий