• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Эмгек министрлиги: 106 фостердик үй-бүлөдө 207 бала тарбияланат

Коом 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. 106 фостердик үй-бүлөдө 207 бала тарбияланат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева "Кыргызстанда баланын үй-бүлөлүк курчоого алуу укугун сактоо"аттуу тегерек столдо билдирди.

"Биздин өлкөдө ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан үй-бүлөлүк тарбиялоонун альтернативдүү формаларынын бири фостердик үй-бүлөлөр болду. Аталган институт балдардын интернаттарга түшүүсүн алдын алууга көмөктөшөт, ал 2014-жылдан бери ишке ашырылып келет. Бүгүнкү күндө 207 бала 106 фостердик үй - бүлөгө жайгаштырылып, алардын ар бири Министрликтин аймактык бөлүмү менен келишим түзгөн", - деди ал.

Жаңыл Алыбаева белгилегендей, өткөн жылы кароосуз калган эмгек мигранттарынын балдарын жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды аныктоо максатында дээрлик 326 миң үймө-үй кыдыруу жүргүзүлгөн.

"Кыдыруулардын жыйынтыгында мигранттардын 88 миң баласы аныкталып, ата-энелер менен балдарды камкордукка алуу зарылдыгы тууралуу иштер жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен камкорчулукка 1,2 миң балага аныкталып, 57 бала фостердик үй – бүлөлөргө, 53 бала интернаттык мекемелерге жөнөтүлгөн.

Учурда 137 интернатта 9,9 миң бала жашайт. Алардын 5%ы гана ата-энеси жок, калгандарынын ата-энелери бар", - деди министрдин орун басары.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин мүчөлөрү, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, билим берүү жана илим министрлигинин, ЮНИСЕФ, КР Акыйкатчы институту жана бейөкмөт уюмдар катышты.

Пикир

Оставить комментарий