• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Душанбеде ТРда соттолгон кыргыз жарандарын Кыргызстандын жаза өтөө мекемелерине которуу маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 03.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын башкы прокурорунун орун басары Дилшод Талбакзода менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 2-июнда Душанбе шаарында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде Тажикстандын аймагында КРнын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатында, ТРда соттолгон кыргыз жарандарын Кыргызстандын жаза өтөө мекемелерине которуу мүмкүндүгүн жана өз ара кызыкчылык туудурган башка маселелерди талкуулашты.

Тараптар Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги менен Тажикстандын Башкы прокуратурасынын ортосунда зарыл болгон өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты

Пикир

Оставить комментарий