• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЕАЭБ шартында тамак-аш коопсуздугуна байланыштуу маселелер кайрадан ыраатташтырылууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.01.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети ЕАЭБ шартында тамак-аш коопсуздугуна байланыштуу маселелерди кайрадан ыраатташтырууга багытталган ”Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору улуттук мыйзамдарды Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Салыматтык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алын алуу жана экспертиза департаментинин директору Төлө Исаковдун айтымында, жаӊыдан иштелип чыккан мыйзам долбоорунда тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелер топтоштурулду.

Депутат Мурадыл Мадаминов базарда куш тумоосуна байланыштуу ЕАЭБ аймагына киргизүүгө тыюу салынган кытай өрдөктөрүнүн эти сатылып жатканын айтып, Оорулардын алын алуу жана экспертиза департаментинин, ошондой эле Санэпид көзөмөл жана Фитосанитардык инспекциянын жетекчилигин көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий