• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЕАЭБде улуттук валюталардын өз ара эсептешүүдөгү үлүшү акыркы алты жылда 73%дан ашты

ЕАЭБ 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Евразия экономикалык биримдигиндеги улуттук валюталардын өз ара эсептешүүдөгү үлүшү 2016-жылдан бери 73%дан ашты, деп жазылат уюмдун сайтында.

2021-жылы улуттук валютадагы төлөмдөрдүн үлүшү 73,5%ды түзгөн, анын ичинен россиялык рублдики – 71,3%. Кыргыз сому менен эсептешүү бир кыйла өскөн, анын үлүшү 0,6 пайыздык пунктка көбөйгөн. Доллардагы төлөмдөр 0,8 пайыздык пункка төмөндөгөн.

ЕАЭБ мамлекеттеринин өз ара эсептешүүлөрүн кошкондо, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен төлөмдөрдүн валюталык түзүмүндө АКШ доллары басымдуулук кылган: 54,3% экспорт үчүн төлөмдөрдө жана 36,8% импорт боюнча төлөмдөрдө.

Пикир

Оставить комментарий