• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эдил Байсалов: Акыйкатчы жөнүндө мыйзам өзгөртүүлөргө муктаж

Өкмөт 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун 20 жылдыгына арналган «Адам укуктарын коргоодогу Акыйкатчы институтунун ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Эдил Байсалов өз сөзүндө мамлекет башчынын жана министрлер кабинетинин төрагасынын атынан катышуучуларды Акыйкатчы институтунун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы менен куттуктады.

«Акыйкатчы институту – адам укуктарын коргоого байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнүн натыйжалуу механизми, ал демократиялык мамлекеттерде орун алган маанилүү инструменттердин бири болуп саналат. Акыйкатчы институтунун ишиндеги негизги нерсе – адамдарга карата формалдуу мамиледен алыстап, кайрылуулар үчүн «почта ящигине» айланып калбоосу зарыл”, - деп белгиледи Байсалов.

«Албетте, Акыйкатчы жөнүндө мыйзам өзгөртүүлөргө муктаж, бул институт акыйкаттуулуктун жана адамдын мыйзамдуу укуктарынын чыныгы жактоочусу болушу керек», - деп жыйынтыктады Эдил Байсалов.

Белгилей кетсек, «Адам укуктарын коргоодогу Акыйкатчы институтунун ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга жакынкы жана алыскы 7 өлкөнүн Акыйкатчылары жана эл аралык донордук уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий