• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эдил Байсалов KOICA 2022 программасынын стипендиаттары менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) стипендиялык программасынын катышуучулары менен жолугушту.

Кореяга билимдерин өркүндөтүү үчүн окууга кетип жаткан кызматкерлерге кайрылган Эдил Байсалов чет өлкөдөн алган билим-тажрыйбаларын өлкөнүн өнүгүүсүнө багыттай турганына ишенимин билдирди.

“Жаш кызматкерлерге ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткан Корея мамлекетине жана Корея Эл аралык кызматтыштык агенттигине ыраазычылык билдирем. Жашообуз да бир калыпта турган жок. Демек азыр жаңыча көз караштагы, мол тажрыйбага ээ, азыркы технологиянын тилин билген кадрларга суроо талап жогору болууда. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын да ролун жогорулатуу үчүн кызматкерлердин билим-деңгээлин, тажрыйбасын арттырышыбыз керек. Сиздер ар тараптуу өнүккөн өлкөгө билим алууга кетип жатасыңар, ал жактын тажрыйбасын, технологиясын өздөштүрүп, анын үзүрүн Кыргызстанда көрсөтөсүңөр деген тилектемин”, – деди министрлер кабинетинин башчысынын орун басары.

Иш-чарага Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Джэ катышып, окууга аттанып жаткан кызматкерлер өз квалификацияларын жогорулатуу менен эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошот деп билдирди.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү менен биргеликте 2022-жылдын башында KOICA стипендиялык программасына кабыл алууну жүргүзгөн. Мамлекеттик, муниципалдык жана мамлекеттик сектордун 14 кызматчысы тандап алуу баскычтарынан ийгиликтүү өтүшүп, Кореяга окууга кетүүгө даярданып жатышат.

Стипендиялык программанын максаты Кыргыз Республикасынын адам ресурстарын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү болуп эсептелинет. Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги Кыргызстанда иш баштаган 2015-жылдан бери бир топ мамлекеттик кызматкерлер окуудан өтүп, билим деңгээлдерин жогорутала алышты.

Пикир

Оставить комментарий