• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эдил Байсалов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Михаил Сдельниковду куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 99 жаштагы Михаил Сдельниковду Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады.

Эдил Байсалов согуш ардагеринин үйүндө аны менен баарлашып, ага ден соолук, узун өмүр каалады.

«Кыргызстандыктардын азыркы мууну согуштун катышуучуларына жана тылдын эмгекчилерине, согуш талааларында жана ушул оор жылдарда, заводдор менен фабрикаларда эвакуация кезинде көрсөткөн эрдиктери жана баатырдыгы үчүн ыраазы. Согуштун ардагерлерине, тыл эмгекчилерине камкордук көрүү биздин ыйык милдетибиз. Биз сизге кайтарып бүткүс карызбыз”, - деди ал.

Михаил Сдельников көңүл буруу үчүн ыраазычылык билдирип, бардык кыргызстандыктарга тынчтык жана бакубатчылык каалады. Анда белгиленгендей, Михаил Сдельников Дон жана Воронеж фронтторунун катарында болуп, Курск салгылашуусуна катышып, 1942-жылдын январынан 1943-жылдын декабрына чейин Ржев-Вязьма багытын коргоо үчүн салгылашкан. 1942-жылы катуу жарадар болгон. 3-даражадагы Даңк ордени, «Аскердик каармандыгы үчүн», «Германияны жеңгендиги үчүн» медалдары менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий