• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эгемендүүлүккө 32 жыл. Бир катар премьерлер Акылбек Жапаровду жана кыргыз элин куттукташты

Саясат 0

Бишкек, 31.08.23. /Кабар/. Казакстандын, Өзбекстандын жана Беларусь Республикасынын премьер-министрлери Алихан Смаилов, Абдулла Арипов жана Роман Головченко Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы – КР президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровду жана кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты.

Казакстандын премьер-министринин куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат: “Эгемендүүлүк жылдарындагы биздин элдерибиздин жалпы тарыхы Казакстан менен Кыргызстанга ийгиликтүү тажрыйба алуу үчүн кызматташуунун жана жакшы коңшулук мамилелердин моделин калыптандырууга жана бекемдөөгө мүмкүндүк берди. Бүгүнкү күндө биз экономикалык интеграциянын жана аймактык кызматташтыктын маанилүү процесстерин башыбыздан өткөрүп жатабыз, бул биздин достугубуздун жана бир туугандыгыбыздын олуттуу потенциалын жогорку деңгээлде кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө шарттарды түздү. Ушул өзгөчө учурда, Урматтуу Акылбек Усенбекович, Сизге бекем ден соолук жана жооптуу ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”.

Өзбекстандын премьер-министринин куттуктоо телеграммасында​​​​​​​ мындай деп айтылат: “Акыркы жылдары Кыргызстан ар тараптан өнүгүп, жогорку көрсөткүчтөргө жетишип жатат. Ар тараптуу жүргүзүлгөн реформалар жана демилгелер өлкө эли жана дүйнөлүк коомчулук тарабынан жогору бааланууда. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерде экенин белгилегим келет. Маанилүү позитивдүү өзгөрүүлөр байкалып, биздин бир тууган элдерибиздин кеп жылдардан берки кыялдары ишке ашууда. Сиздер жакшы билесиздер, биз салттуу жакшы коңшулукка, ишенимге жана өз ара урматтоого негизделген достук мамилелердин жана өз ара пайдалуу өзбек-кыргыз кызматташтыгынын ырааттуу өнүгүшүнө жана кеңейишине кызыкдарбыз”.

Ал эми Беларусь Республикасынын премьер-министринин куттуктоо телеграммасында​​​​​​​ мындай деп айтылат: “Кыргыз Республикасы заманбап чакырыктарды жана коркунучтарды ийгиликтүү жеңип, социалдык-экономикалык өнүгүү жолу менен ишенимдүү бара жатканын белгилеп кетүүгө кубанычтамын, бул кыргыз эли тандап алган жолдун тууралыгын тастыктайт.

Биздин мамлекеттердин өкмөттөрүнүн биргелешкен аракеттеринин аркасында соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтык мындан ары дагы динамикалуу өнүгөт, Белоруссиянын жана Кыргызстандын элдеринин жыргалчылыгы үчүн Евразия экономикалык биримдигинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында өнөктөштүк мындан ары дагы кеңейет деп ишенем.

Сизге, урматтуу Акылбек Усенбекович, чын дилимден бекем ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалайм”.

Пикир

Оставить комментарий