• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн "Ала-Тоо" аянты автоунаалар үчүн жабылат

Коом 0

Бишкек, 31.08.23./Кабар/. Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата бүгүн, 31-август "Ала-Тоо" аянты автоунаалар үчүн жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аянтта негизги майрамдык иш-чаралар өтөт. Ага байланыштуу коопсуздукту камсыздоо максатында "Ала-Тоо" аянты саат 17:00дөн 00:00гө чейин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабылат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамды алдын ала пландап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий