• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экологиялык, техникалык коопсуздук боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31-май /Кабар/. Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мыйзам долбоору боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров баяндама жасап, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Расул Артыкбаев суроолорго жооп берди.

Бул мыйзам долбоору экологиялык жана техникалык коопсуздук жаатында администрациялык укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын талааптарын бузган адамдарга укуктук жоопкерчилик чараларын күчөтүү жолу менен администрациялык укук бузуулары жөнүндө мыйзам бузууларды төмөндөтүү максатында иштелип чыккан. Долбоор кабыл алынып калса административдик жоопкерчиликти күчөтүү жеке, юридикалык жактар жана жооптуу кызмат адамдары тарабынан жалпысынан экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелерин камтыган мыйзам бузууларды кыскартууга көмөкчү болот.

Сунушталган мыйзам долбоору менен Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 44 –беренесин төмөндөгүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толуктоо сунушталууда: “Эгерде адам Административдик кодекстин бир нече главалары боюнча администрациялык укук бузууларды бир нече жолу жасаса, анда ушул Кодекске тиешелүү ар бир глава боюнча кыйла катаал администрациялык жоопкерчиликте караган бир жаза-чара колдонулат”. Мунун натыйжасы катары ар бир өзүнчө жасалган укук бузуу үчүн административдик жаза –чара колдонула тургандыгын (тиешелүү баптар боюнча) жана суммасында бул олуттуу чоңдукту түзө тургандыгын түшүнүү менен мындай укук бузууларга жол бербөөгө же анын санын минималдаштырууга мажбур кылуу айтылат.

Белгилей кетсек, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция экологиялык жана техникалык коопсуздуктун маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп эсептелет.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий