• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык Москвада кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.11.18 /Кабар/. Мекенинде жасаган кылмышы үчүн мамлекет аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Москвада кармалды. Ал КРнын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалган.

ИИМдин маалыматына караганда, 31 жаштагы Ж.И. “Чоң суммада жасалган алдамчылык” кылмышын жасаганга күнөөлөнүп изделип жаткан.

Маалыматка караганда, 2014-жылы апрелде ал алдамчылык жолу менен 2003-жылы чыккан, баасы 419 миң сом турган “Субару-Форестер” үлгүсүндөгү унааны 2015-жылы февраль айына чейин бөлүп төлөп бүтөм деп сатып алган.

Андан соң ал унааны үчүнчү жакка сатып, акчаны алып качып кеткен.

Учурда аны Москвадан Кыргызстанга экстрадациялоо маселеси чечилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий