• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан Австрия менен ар тараптуу кызматташууга даяр - элчи

Саясат 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. Кыргызстан Австрия менен ар тараптуу кызматташууга даяр. Бул тууралуу КРнын Австриядагы элчиси Бакыт Жусупов Борбор Азия элчилеринин жана Австриянын тышкы иштер министри Карин Кнайссль менен Вена шаарында болгон жолугушуусунда белгиледи.

КР ТИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, болуп өткөн жолугушууда тараптар Европа Биримдиги - Борбор Азия жаңы стратегиясынын алкагында Борбор Азия региону менен Австрия ортосундагы кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты.

Жусупов Кыргызстан Австрия менен эки тараптуу жана көп тармактуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин белгилеп, саясий, маданий-гуманитардык жана экономикалык кызматташуунун приоритеттик багыттарын баса белгилеп кетти.

Пикир

Оставить комментарий