• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Элчи Базарбаев Италиянын президентине ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Үстүбүздɵгү жылдын 27-сентябрында Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Италиянын президенти Серджо Маттареллеге ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Квиринал сарайында ишеним грамоталарды тапшыруу аземинен кийин элчи Базарбаевдин президент С.Маттарелле менен эки тараптуу жолугушуусу өтүп, анын жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгынын күн тартибиндеги бир катар маанилүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Италиянын президенти Серджо Маттареллеге Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу салам жана эң жакшы каалоо тилектерин айтып, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата келип түшкɵн куттуктоолору үчүн ыраазычылык билдирди.

Элчи Базарбаев келе жаткан жылы Кыргызстан менен Италия дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилей турганын белгиледи.

Ушуга байланыштуу, мааракелик жылда Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү боюнча ар кандай иш-чараларды, тактап айтканда, жогорку жана эӊ жогорку деӊгээлде ɵз ара сапарларды уюштуруу, тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кезектеги консультацияларды өткөрүү боюнча макулдашуу жетишилди.

Италиянын президентине үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында ɵтɵ турган парламенттик шайлоо жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү органдары тарабынан демократиялык жана ачык шайлоо процессин биометриялык каттоо боюнча заманбап технологияларды колдонуу менен уюштуруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеӊири маалымат берилди.

Кыргыз тарабы үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Европа Биримдиги–Борбордук Азия биринчи экономикалык форумга катышуу үчүн Италиядан олуттуу расмий жана бизнес делегациясын күтүүдө.

Президент С. Маттарелле Кыргызстандын президентинин атынан жылуу сөздөр үчүн ыраазычылык билдирүү менен, өз кезегинде, президент Жапаровго эң жылуу жана достук салам сөздөрүн жеткирүүнү суранды, ошондой эле кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Италиянын президенти элчи Т. Базарбаевге Кыргызстан менен Италиянын мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүсүн мындан ары тереңдетүү үчүн алдыдагы жооптуу иште ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий