• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Кемелова Түштүк Кореянын Химчан клиникасынын директору менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Түштүк Кореянын Химчан клиникасынын директору Стефан Чо менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөдөгү коронавирус менен байланыштуу кырдаалды талкуулашты, кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча пикир алмашты, ошондой эле саламаттык сактоо тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Элчи Динара Кемелова Кыргызстандын аймагында саламаттык сактоо тармагындагы долбоорлорго, анын ичинде диагностикалык борборлорду, муун ооруларынын клиникаларын жана реабилитациялык борборлорду инвестициялоону сунуштады.

Ошондой эле корея тарабына КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Улуттук кардиология борбору менен Химчан клиникасы ортосундагы ниет тууралуу тийиштүү протоколун түзүү жолу аркылуу кызматташтык орнотуу сунушталды.

Тараптар ооруканаларды куруу жана медициналык кадрларды даярдоодо боюнча кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Элчи медициналык жабдуулар түрүндө кыргыз ооруканаларынын потенциалын жогорулатууга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кароону өтүндү.

Маалымат үчүн: Химчан клиникасы-Корея Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин аккредитацияланган клиникасы, өлкө ичинде 8 филиалы жана чет өлкөлөрдө 3 ооруканасы (Южно-Сахалинск (Россия), Шарджа (БАЭ), Бухара (Өзбекстан). Химчан клиникасы сапаттуу жана коопсуз хирургиялык дарылоодо, тактап айтканда, артропластика, ошондой эле орус тилинде кызмат көрсөтүү боюнча 1-орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий