• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Өмүралиев Орхан Инандыга консулдук кызматкер киргизүү өтүнүчү менен Түркия ТИМине кайрылды

Коом 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүрбеков Түркиянын тышкы иштер министринин консулдук маселелерди көзөмөлдөгөн орун басары Явуз Селим Кыран менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Өмүралиев ТРнын Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын жараны Орхан Инандынын жүргөн жери жөнүндө маалымат берүү жана консулдук кызматкердин ага кирүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берүү өтүнүчү менен нота жөнөтүлгөндүгүн айткан.

"Министрдин орун басары Явуз Кыран Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тарабынын өтүнүчүн Түркиянын Юстиция министрлигинин кароосуна жөнөтө тургандыгына ишендирди. Аны менен бирге ал Орхан Инанды Түркиянын жараны экендигин жана анда анын кайда экендиги тууралуу маалыматы жоктугун айтты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Түркиянын президенти Pежеп Тайып Эрдоган 5-июлда элге кайрылып жатып, "Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды кармалып, Түркияга алынып келингенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий