• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эми тиркеме аркылуу Бишкектеги автобустардын кыймылын көзөмөлдөөгө болот

Коом 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Эми тиркеме аркылуу Бишкек шаарындагы автобустардын кыймылын көзөмөлдөй аласыз. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Аталган тиркемени колдонуу үчүн тиркемени жаңылап же шилтеме аркылуу Play Market`тен көчүрүп алышыңыз керек болот.

Ошондой эле бул тиркеме iOS в App Store үчүн дагы жеткиликтүү.

Белгиленгендей, мобилдик тиркеме кыргыз, орус жана англис тилдеринде иштейт.

Пикир

Оставить комментарий