• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бажы кызматы: Январда бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү боюнча план ашыгы менен аткарылды

Экономика 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Январга карата бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү боюнча план ашыгы менен аткарылды.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, 2023-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 6,042 млрд сомду түздү.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 1 млрд 115 млн сомго көп, же өсүү темпи 122,6%ды түздү.

Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 105,5%га аткарылып, 316,4 млн сомго көп чогултулду.

Пикир

Оставить комментарий