• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте калктын салык жана финансылык сабаттуулугун жогорулатуу маселеси талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 18.12.23. /Кабар/. Бишкекте мамлекеттик органдардын окуу борборлору жана квалификациясын жогорулатуу борборлору жана жогорку окуу жайлар менен кызматташуунун алкагында салык сабаттуулугу боюнча тегерек стол өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

"Салык сабаттуулугу: Кыргыз Республикасынын Салык мыйзамдарындагы жаңылыктар" темасына арналган иш-чарага окуу борборлорунун, квалификацияны жогорулатуу борборлорунун жана билим берүү борборлорунун жетекчилери катышты.

Салык кызматынын кызматкерлери салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөрдү эске алуу менен салыктык башкаруунун колдонуудагы механизмдери жөнүндө маалымат беришти, ошондой эле салыктарды төлөө жол-жоболорун, отчетторду берүүнү жана салыктык кызмат көрсөтүүлөрдү алууну жөнөкөйлөтүүчү санариптик долбоорлор жөнүндө айтып беришти.

Тегерек столдун катышуучулары Салык кызматынын иши, Бирдиктүү терезенин иштеши, ошондой эле салык органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу тажрыйбасы, анын ичинде салык тематикасы боюнча окутуучу роликтерди түзүү боюнча студия менен кеңири таанышышты.

Калктын салык жана финансылык сабаттуулугун, ошондой эле ар кандай тармактардагы кесиптик билимин жогорулатуунун актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн эске алуу менен тегерек столдун катышуучулары тиешелүү резолюцияны кабыл алышты.

Резолюцияда калктын сабаттуулугун жогорулатуу үчүн мамлекеттик башкаруу органдары менен билим берүү мекемелеринин ортосунда биргелешкен окутуу иш-чараларын өткөрүүнү колдоо сунушталды.

Ошондой эле салык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөрдү жана заманбап тенденцияларды эске алуу менен жаңы билим берүү куралдарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий