• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 5G`ны сыноо аймагы ачылды

Коом 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Бишкекте тест форматындагы 5G тармагынын бет ачар аземи өттү.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиргендей, ошондой эле уникалдуу көргөзмө павильонунун салтанаттуу ачылышы өттү, анда MegaCom мамлекеттик уюлдук оператору жана дүйнөдөгү маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү акылдуу түзүлүштөрдү жана инфраструктураны алдыңкы өндүрүүчү жана жеткирүүчү - Huawei Technologies Bishkek Co. Ltd. компаниясы менен биргеликте 5G сыноо аймагын ишке киргизди.

Көргөзмөнүн катышуучулары санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү акыркы жетишкендиктер менен тааныша алышты, ошондой эле 5G стандартынын артыкчылыктарын баалашты – маалыматтарды жогорку ылдамдыктагы зымсыз берүүнү сынашып, виртуалдык реалдуулуктун өзгөчөлүктөрү менен тааныша алышты.

Пикир

Оставить комментарий