• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Элчиликтин менчигине зыян келген жок – Украинадагы АКШ элчилиги

Дүйнө 0

Бишкек, 8-июнь /Кабар/. Украинанын борбор шаары Киевдеги АКШ элчилиги өзүнүн аймагында бүгүн болгон жардыруу боюнча пикир билдирди. Анда АКШ элчилиги жардырууну “теракт” катары санабай тургандыгы айтылган. Бул тууралуу элчиликтин Facebook баракчасында жазылат.

“Биз 8-июнда элчиликтин аймагында өтө чоң эмес жардыргыч заттын жарылганын жана ал элчиликтин менчигине эч кандай зыян алып келбегенин билдиребиз”,-деп жазылат маалыматта.

Элчиликте иштегендердин эч кимиси жабыркаган жок. Мекеме күндөгүдөй тартипте иш алып барууда. Жардыруу шаршембиден бейшембиге караган түнү болгон. “Теракт” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тышкы иштер министрлиги элчиликти кайтарууну күчөтүүнү убада кылышты.

Жогорку раданын депутаты Антон Геращенко жардыруу “маалымат мейкиндигин дүрбөлөңгө түшүрүү” максатында, Россиянын буйругу менен уюштурулушу мүмкүн экенин айтты. Анткен менен айткан сөздөрүнө далил келтире алган жок.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий