• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Электр энергиясын убак-убагы менен өчүрүүгө жол берилбейт - Энергетика министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. КРнын Энергетика министрлиги электр энергиясын убак-убагы менен (веердик) өчүрүүгө жол бербөө үчүн бардык чараларды кабыл алат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Бекитилген график боюнча, 2021-жылдын октябрь айынын соңуна чейин бардык энергетикалык объектилерде оңдоп-түздөө иштери аяктайт.

1-ноябрдан тарта оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы өчүрүлбөйт.

"Бирок авариялык кырдаал жаралса калыбына келтирүү үчүн жарык өчүрүлүшү мүмкүн. Башка учурда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабайт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, былтыр пандемияга байланыштуу энергетикалык объектилерде ремонт жүргүзүлгөн эмес. Быйыл бардык жабдуулар оңдоп-түздөөдөн өттү. Ремонт иштери масштабдуу жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу электр жарыгы да өчүрүлүүдө. Бул аракеттер кышкысын электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү максатында жасалганына түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз.

Муну менен катар Энергетика министрлиги суу жана электр энергиясы өлкөнүн байлыгы экенин эске алуу менен жарандарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга үндөйт.

Пикир

Оставить комментарий