• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматы маркалоону киргизүү аркылуу мунайзаттарга контролду күчөтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 20.10.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы мунайзаттарды өндүрүү, импорттоо, алып өтүү, сактоо, жөнөтүү жана сатуу иштерине контролду күчөтүүдө.

Ушуга байланыштуу, уникалдуу молекулярдык маркерди колдонуу менен отун майын маркалоо системасын киргизүү пландаштырылууда.

Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов күйүүчү майды башкаруу жана отун май маркерин колдонуу аркылуу маркалоо процесси менен таанышты.

Чет элдик компаниянын өкүлүнүн айтымында, маркалоо процессинде көчүрүүгө, жууп салууга, өчүрүүгө же өзгөртүүгө мүмкүн болбогон, отун майынын ар кандай түрүнө шайкеш келген жана автоматташтырылган жана кол менен маркалоого ылайыктуу уникалдуу заттар колдонулат.

Долбоордун алкагында маркердин мобилдик анализаторлору менен жабдылган мобилдик лабораторияларды түзүү пландаштырылууда. Алардын жардамы менен жеткирүү чынжырынын каалаган жеринен (сактоочу жайлар, транспорт каражаттары жана сатуу пункттары) отун майынын сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрүн заматта алууга болот.

Демек, салык кызматкерлери өлкөнүн кайсы бурчунда болбосун мунай заттарды алып өткөрүүнүн жана сатуунун мыйзамдуулугун текшерип, зарыл болгон учурда тиешелүү айыптык чараларды колдоно алышат.

Уникалдуу отун маркерин колдонуу күйүүчү майдын мыйзамсыз жүгүртүлүшү менен натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк берет.

Маркалоо методу бир катар чет өлкөлөрдө ийгиликтүү колдонулуп келе жатат. Ал контрабанданы жана мунай заттарды мыйзамсыз сатууну токтотууга гана мүмкүндүк бербестен, күйүүчү майдын сапатына болгон талаптарды да жогорулатат.

Атап айтканда, көлөмүн азайтуу, күйүүчү майдын ар кандай маркаларын аралаштыруу, керосин же эриткичтерди кошуу, мыйзамсыз импорттоо, өндүрүү, сактоо жана сатуу практикасы менен күрөшүүгө мүмкүндүк берет.

Азыркы учурда Салык кызматы маркаланбаган отунду жүгүртүү жана сатуу учурунда санкцияларды колдонуу тууралуу тиешелүү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий