• 88.68
  • 95
  • 0.95

Электр тармактар ишканаларына жаңы техникалар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. “Кыргызстандын Улуттук электр түйүндөрү” ААКсынын филиалдарына жаңы атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызсматынан кабарлашты.

Техникалар капиталдык курулуш планына ылайык, "Кыргызстан УЭТ" ишканасы тарабынан сатып алынган. Алынган SHANMON экскаваторлорунун жана бригадалык атайын автоунаалардын жалпы суммасы 31 млн 845 миң 469 сомду түздү.

Атайын автоунаалар 18-апрелде Ош, Жалал-Абад жана Нарын электр тармактар ишканаларына бөлүштүрүп берилди. Аларды тапшыруу аземине энергетика министри Таалайбек Ибраев катышып, энергетиктерге калкты үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн тиешелүү шарттар түзүлүп жатканын баса белгиледи.

Андан тышкары, ал атайын техникаларды алган электр тармактар ишканасынын жетекчилерине техникаларга аяр мамиле жасоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий