• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Электр жабдууларды сактап калуу үчүн өчүрүүлөр болууда — Рысбеков

Коом 0

Бишкек, 16.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда электр жабдууларды сактап калуу үчүн өчүрүүлөр болууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынын башкы директору Алтынбек Рысбеков билдирди.

Анын айтымында, ар бир энергетикалык жабдуулардын техникалык нормасы болуп, ага жараша иштейт.

"Электр энергияны ашыкча керектөөдө биз жөнгө салуу иштерин жүргүзүп турабыз. Андай кылбасак жабдуулар кыйрап калышы мүмкүн. Жабдууларды сактап калуу максатында өчүрүүлөр болууда. Бул деген жарыкты маал-маалы менен өчүрүү дегендик эмес, биз электр энергияны жөнгө салуу максатында мындай кадамга барып жатабыз", - дейт ал.

Рысбеков учурда өлкө аймагында 240-250 авариялык бригада күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын маалымдады.

"Бүгүнкү күндөн баштап аба ырайы жылып баштады. Электр энергиянын керектөөсү азайган сайын өчүрүүлөрдөн алыстап, жөнгө салуу иш-чараларын дагы токтото баштайбыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий